Асманды курууга каражат кайдан алышат

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Ысык-Көлдө жаңы шаардын курулушу кандай жана кандай каражатка жүргүзүлөөрүнө токтолду.

Мамлекет башчысы курулуш толугу менен ички жана тышкы инвесторлордун эсебинен жүргүзүлөрүн билдирди.

«Асман шаарына мамлекеттик казынадан бир тыйын да коротпойбуз, коротконго акчабыз жок. Бул шаарга 20 миллиард доллардай каражат кетет. Ошондуктан ички жана тышкы инвесторлорго жер бөлүп беребиз. Алар куруп, сатып, өздөрү пайда көрөт. Мамлекет 10 пайызын гана батир түрүндө алып, ипотекалык компания аркылуу калкка берет», – деди Жапаров.

Анын айтымында, эгерде мамлекеттин каражаты жетиштүү болсо, долбоорду өзү ишке ашырып, 10 жылдын ичинде 20 миллиард доллардай таза киреше алмак.

“Бирок муну кыла албагандан кийин инвесторлорго жол берели. Азыр башкы план иштелип жатат, 1-2 жылда эле даярдалат. Шаар ишке кирсе кеминде 200 миң жумушчу орун пайда болот. Шаар экологиялык жактан таза болот. Долбоорду толугу менен көзөмөлдөйбүз, анын ичинде долбоорлоо жана курулуш иштеринин жүрүшүн да. Астана да ушундай ыкма менен курулган”, – деди президент.

Ал бийликке келген биринчи күндөн тарта Кыргызстандагы ири долбоорлорду, анын ичинде Ат-Башы районундагы логистикалык борбордун курулушун изилдей баштаганын, буга эки жыл мурун жергиликтүү тургундар каршы чыкканын кошумчалады.

Жапаровдун айтымында, алгач ал да долбоорго каршы болгон, бирок бул тууралуу көбүрөөк билгенден кийин логистикалык борбор Кыргызстан үчүн канчалык пайдалуу болорун түшүнгөн. Объекттин аймагында ширеңкеден тарта электромобилдерге чейин түрдүү товарларды чыгаруу пландалууда.

“Долбоорду изилдеп чыккандан кийин Ат-Башыга барып, эл менен жолугуп, аларга баарын түшүндүрдүм. Алар макул болуп, кура бергиле дешти. Бирок азыр инвестор жок – башка долбоорго акча салганын айтат. Ал эми тескерисинче болуп чыкты: эл макул, бирок инвестор макул эмес. Асман шаары менен мындай болбошу керек”, – деди мамлекет башчысы.

Жапаров бул үчүн эл долбоорлорду толук түшүндүрүп бериши керектигин түшүндүрдү.

Добавить комментарий