Асман шаары беш жылда курулат

Садыр Жапаров Асман шаарынын курулушу 5 жылдын ичинде бүтүшү керектигин айтты.

Азыр бийлик шаардын башкы планын иштеп чыгып, суу, электр энергия булактарын издеп жатат.

Асман шаары – кыял, Кыргызстандын бийлиги беш жылдын ичинде ийгиликке жетиши керек, деп билдирди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйынында.

«Экологиялык таза шаарды нөлдөн баштап куруу – бул кыял. Мен президенттин кыялы орундалат деп ишенем», – деди Жапаров.

Ал белгилегендей, министрлер кабинети башкы планды иштеп чыгуунун үстүндө иштеп, келечектеги шаарды суу жана электр энергиясы менен камсыздоо булактарын издеп жатат.

“Бизге инвесторлор тарабынан көптөгөн кызыктуу сунуштар түшүп жатат. Биринчи чабалекей — Америкада иштеген жигитибиз. Ал Караколго IT шаарча кургусу келет. Биз ага жардам беребиз, мүмкүн болгон жана мүмкүн эмес болгон нерселердин баарын жасайбыз. Эгер ал ишке ашса, анда эмне үчүн Асман шаарын кура албайбыз? Билесизби, Астана курулат деп эч ким ишенген эмес. Ташкент-Ситини карагыла – шаардын ичиндеги шаар. Алар муну жасашты, биздин кыялыбыз бар.

Алдыдагы беш жылда Асман жөнүндө кыял тигил же бул формада ишке ашат», – деп жыйынтыктады министрлер кабинетинин башчысы.

Буга чейин президент Садыр Жапаров жаңы шаар кантип курулаарын айткан.

Добавить комментарий