Аламанов: суунун астында жаткан таштардан сапаттуу идиштер жасалат

Өзүм башка кесиптин ээси болгонума карабай таштарга кызыга берчүмүн. Алардан түрдүү буюмдарды жасап жатканымды кыялданчумун. Уюлдук операторлордун бириндеги жакшы ишимди таштап, таштан раковина жасап баштадым. Мындай чечимди кабыл алууда албетте жүрөксүп, чочуладым. Бул тууралуу Нурлан Аламанов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, дизайнердин жасаган буюмдарын алгач таштан жасалган оокаттарды издеген адамдар сатып алса, эми калктын калың катмарына жайылып калды.

«Бир күнү таштан раковиналарды жасап, социалдык тармактагы баракчама жайгаштырдым. Эл абдан жылуу кабыл алып, таш буюмдарына кызыккан кардарлар дароо табылды. Кесибимди таштап таш менен алектенүүгө бел байлап жаткан мага бул чоң шык берди. Бир туугандарым, ата-энем да мени колдоп турушту. Ошентип башка идиштерди жасоого өттүм. Учурда таштан раковина, самын койгуч, тиш жуучу щетка салгыч сыяктуу мончо идиштеринин топтомун жана кадимки эле табактарды жасайм. Ал тарелкалар кадимки айнек табактарындай эле салмакта болот. Бири экинчисине окшошпой кооз чыгат. Абдан бышык келип, ысык, суукка чыдамдуу. Аларга кетчү таштарды жай мезгилинде суу тартылып калганда сайларга түшүп алып издейм. Кээ бир таштардын ичинен жарака чыгып эле түйшүк артпаса, жасаган жумушум өзүмө жагат», — деди Аламанов.
Дизйнер эмгектеринин баасы өтө кымбат эмес, мисалы, бир раковина 10 миң сомдун тегерегинде турарын кошумчалады.

Добавить комментарий