Акыркы сутка ичинде Кыргызстанда 76 адам коронавирустун айыгып чыгышкан

Кыргызстанда бир күндө коронавирустан айыгуунун 76 учуру катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында – 22, Чүй облусунда – 5, Ош шаарында – 19, Ош облусунда – 9, Нарын шаарында – 9, Жалал-Абад жана Баткенде – ар биринен бирден, Талас облусунан – 3, Ысык-Көлдөн – 7.

Бардык мезгил ичинде ооруканалардан 2 миң 370 адам сакайып кеткен.

 

 

Добавить комментарий