Акылбек Жапаров Өзбекстандагы текстиль ишканаларында болду


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2023/03/speech-87463-1678356819-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Өзбекстанга иш сапарынын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасы жана Кыргызстандын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын мүчөлөрү Фергана жана Наманган облустарында жайгашкан бир катар текстиль ишканаларына, анын ичинде «Global Textile», «Fazman Textile», «Art Soft Holdings» жана «Iftihor Kiyim Sanoat» барышты.

КР Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, Акылбек Жапаров Өзбекстандын инвестицияларды тартуу тажрыйбасына жана текстиль өндүрүшүнө заманбап технологиялык чечимдерге, өзгөчө Кыргызстанда динамикалуу өнүгүп жаткан жеңил өнөр жайын эске алуу менен кызыкдар экенин билдирди.

Премьер-министр ошондой эле жеңил өнөр жай ишканалары өндүргөн продукцияларын башка өлкөлөргө экспорттоо үчүн эл аралык сапат сертификациясы жана заманбап сапат лабораториялары болушу маанилүү экенин баса белгиледи.

Кошумчалай кетсек, 2023-жылдын башында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда Жалал-Абад облусунда текстиль өндүрүшүн түзүү боюнча кызматташуу боюнча келишимге кол коюлган. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жайгаша турган «Fazman Textile» деңгээлине туура келген жаңы текстиль ишканасынын курулушуна Өзбекстан-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан 16 млн АКШ доллары өлчөмүндө каражат бөлүнөт. Жаңы ишкана жылына 1 миллион даанага чейин даяр продукцияны, анын ичинде эркектердин, аялдардын жана балдардын костюмдарын чыгарууга жөндөмдүү, экспорттун болжолдуу көлөмү жылына 15 миллион АКШ долларын түзөт.

Добавить комментарий