Акылбек Жапаров: БА менен ЕБ бардык тармактарда тыгыз кызматташтыкты өнүктүрүүсү керек


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2023/05/speech-91868-1684504117-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан “ЕБ-БА” экинчи экономикалык форумунда КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы, КР Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Акылбек Жапаров сөз сүйлөп, Европа Биримдиги менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө басым жасады.

Министрлер кабинетинин башчысы өткөн жылы Кыргыз Республикасынын Европа өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү 76,1%, экспорт 60,6%, импорт 78,6%га өскөнүн баса белгиледи.

Ал мындай деп белгиледи: “Бул негизинен преференциялардын жалпы схемасы (ВСП+) программасын ийгиликтүү ишке ашыруунун аркасында жетишилди, бул үчүн биз Евробиримдиктин өнөктөштөрүнө ыраазычылык билдиребиз. Бул схеманын аркасында Кыргызстандын ишкерлери жалпы калкы 508 миллиондон ашкан жана сатып алуу жөндөмдүүлүгү жогору болгон Евробиримдиктин 28 өлкөсүнүн рыногуна кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду”.

Акылбек Жапаров ошондой эле Кыргыз Республикасы менен ЕБнын энергетика тармагындагы кызматташтыгын белгиледи: «Азыркы учурда Кыргыз Республикасы Европа Биримдиги менен кызматташуунун алкагында Токтогул ГЭСин реабилитациялоо, Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо жана Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууда. Үстүбүздөгү жылы Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо аяктаган, ошондой эле француз жана немис подрядчыларынын жана консультанттарынын катышуусунда Чаткал дарыясында жалпы кубаттуулугу 1800 МВт болгон эки ГЭСти долбоорлоо башталган. Ушул жылдын башында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын ортосунда инфраструктураны жана даярдоо этабынын объекттерин куруу, ошондой эле региондун алкагындагы эң келечектүү жана маанилүү гидроэнергетикалык долбоорлордун бири болгон Камбар-Ата ГЭС-1 долбоорунун техникалык – экономикалык негиздемесин актуалдаштыруу үчүн «жол картасына» кол коюлган. Ошондой эле мамлекеттин жана бизнестин күч-аракети менен 50 чакан жана орто ГЭСти куруу башталды».

«Бизге инновациялык ыкмалар, инновациялык технологиялар, окутуу жана сууну үнөмдөө жаатында Европада окута ала турган компетенттүү адистер керек. Биз ошондой эле экологиялык билим берүү жана жалпысынан маалымдоо проблемасына көңүл бурууга аракет кылабыз. Биз европалык өнөктөштөрүбүздү экологиялык маалымдуулукту жана маданиятты жогорулатууга, билим берүүнүн бардык деңгээлдерине экологиялык компоненттерди киргизүүгө багытталган билим берүү долбоорун биргелешип иштеп чыгууга чакырабыз», – деди ал.

Акылбек Жапаров өз сөзүндө Кыргызстан 2025-жылга чейин негизги тамак-аш азыктарына болгон өз муктаждыгынын кеминде 80-85%ын улуттук өндүрүш аркылуу камсыз кылууну пландаштырып жатканын баса белгиледи. Борбордук Азия менен Евробиримдиктин ортосундагы кызматташтык жана өз ара аракеттенүү региондун айыл чарба потенциалын олуттуу жогорулатууга, аны модернизациялоого жана аны экологиялык жактан туруктуу кылып, азык-түлүк коопсуздугуна кепилдик бере алат.

Министрлер кабинетинин башчысы Борбор Азия Европа менен Азиянын кесилишинде маанилүү геостратегиялык позицияны ээлей турганын, заманбап транспорттук инфраструктураны жана инновациялык логистикалык системаны түзүү бул аймакты дүйнөлүк маанидеги негизги соода түйүнүнө айландыра аларын белгиледи.

«Ушул контекстте мен стратегиялык долбоорду – Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол линиясын белгилегим келет. Бул долбоор 20 жылдан ашык убакыттан бери талкууланып, азыр иш жүзүнө ашууда. Бул долбоордун ишке ашырылышы Азиядан Түркия аркылуу Европага, Жакынкы Чыгышка, Иранга, Перс булуңундагы өлкөлөргө жана Түндүк Африкага транспорттук каттамдардын географиясын кеңейтет», – деди ал.

Сөзүн жыйынтыктап жатып, Акылбек Жапаров Кыргызстан Европа Биримдиги менен кызматташууга өзгөчө маани берерин баса белгиледи.

“ЕБ-БА” экинчи экономикалык форумуна Кыргыз Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Түркмөнстандын, эл аралык уюмдардын жана банктардын өкүлдөрү катышты. Экономикалык форумдун биринчи жыйыны 2021-жылы Бишкекте өткөн.

Добавить комментарий