АКШ Мамдепартаменти Россияда динге ишенгендерди кемсинтүү жөнүндө билдирди

Россия дин тутуу эркиндиги тынчсыздандырган өлкөлөрдүн катарына кирүүнү улантууда. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин дин тутуу эркиндиги маселеси боюнча соңку баяндамасында айтылат.

Отчеттун бир бөлүгү Россиянын диний бирикмелеринен жана бейөкмөт уюмдарынан келип түшкөн даттануулар РФ бийлиги жарандардын диний ишенимдерине же таандыктыгына же Россиянын аймагында «экстремисттик» деп таанылган топторго мүчөлүгүнө байланыштуу тергөө, кармоо, түрмөгө камоо жана мүлкүн конфискациялоо боюнча кайрылууда. Мындай уюмдардын арасында “Иегова Күбөлөрү”, “Крым татарларынын Межлиси”, “Хизб-ут-Тахрир”, “Таблиги Жамаат” кыймылы, мусулман теологу Саид Нурсинин жолдоочулары, Саентология чиркөөсү, Фалуньгун жана көптөгөн евангелисттик протестанттык топтор бар.

Доклад боюнча иштеген эксперттердин айтымында, орус мыйзамдарына ылайык, өкмөт эл аралык диний уюмду же чет элдик диний топту «каалабаган» деп жарыялай алат. Бул аныктама чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдарды «Россия Федерациясынын конституциялык түзүлүшүнүн негиздерине, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүнө же мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч келтирет» деген негизде жабууга жол берет. Бул жобо уюмдун мүчөлөрүнө айып пул салууга же эркинен ажыратууга да алып келиши мүмкүн.

Баяндамачылардын айтымында, Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнөн арыз-даттануулар көбөйдү.

Эксперттер мындай жол менен бийлик адам укуктарын, анын ичинде дин жана ишеним эркиндигин кубаттаган уюмдардын ишмердүүлүгүн чектөөгө, татаалдаштырууга же тыюу салууга аракет кылып жатат деп эсептешет.

Добавить комментарий