Ак-Суу районунда 5 миң карагай көчөттөрү отургузулду

Ак-Суу районунда Кыргызстандын туризм жана экология милициясынын кызматкерлери Тянь-Шань карагайынын 5 миң түп көчөтүн отургузушту.

Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, туристтик жана экологиялык милиция Ак-Суу районунун токойчулары менен биргеликте дем алыш күндөрү тоолорго 5 миңге жакын Тянь-Шань карагайынын отургузушту.

«Ошентип, туристтик милиция мекендештерди жаратылыш менен биримдикти сезүүгө чакырды. Айлана-чөйрөнү коргоо биздин милдетибиз», – деп айтылат билдирүүдө.

Добавить комментарий