Айдоочулардын көңүлүнө! 9-июлга чейин Төө-Ашууда унаа кыймылына чектөө киргизилет

Транспорт министрлиги 9-июлга чейинки аралыкта жол кыймылына айрым учурларда чектөөлөр киргизилерин билдирди. 

Эскертүү! Кечээ жол тандабас туннелде күйүп кеткен. Окуянын кесепеттерин жоюу иштерине байланыштуу айрым учурларда жол жүрүү чектелет.

6-8-июлга чейин К.Көлбаев атындагы тоннелинде кыймыл убактылуу токтотулат, деп билдирди Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы.

Анын себеби, өрттүн кесепетинен күйүп кеткен кабелди алмаштыруу иштери.

Андан бир күн мурун, 5-июль күнү түштөн кийин К.Көлбаев атындагы тоннелден Lexus 470 үлгүсүндөгү унаа күйүп, унаадагы өрттү дароо өчүрүүгө мүмкүн болбогондуктан тоннелде электр жарыгы өчүрүлгөн. Мындан улам эки тарапка тең жол кыймылы убактылуу токтотулган. Чоң тоскоолдук бар эле. Бир нече сааттан кийин туннель унаа кыймылы үчүн ачылып, электр энергиясын калыбына келтирүү үчүн жерге энергетиктер жөнөтүлгөн. Бирок бүгүн кыймыл кайрадан убактылуу токтотулганы белгилүү болду.

Добавить комментарий