Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-тажик чек арасындагы чатакта курман болгон Чек ара кызматынын аскери Равшан Муминовдун жубайы Мухайе Муминованы кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчы Муминовага терең кайгыруу менен көңүл айтып, Равшан Муминов мекен чегин коргоо учурунда өз өмүрүн берип, баатырдык кылганын айтып өттү. Ошондой эле анын эрдиги мекенге кызмат кылуунун жана чыныгы патриотизмдин үлгүсү экенин баса белгиледи.

Жээнбеков Муминовду курман болгондон кийин «Эрдик» медалы менен сыйлап, аны жубайына тапшырды.

Мындан сырткары, президент курман болгон аскердин үй-бүлөсүнө мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик колдоо көрсөтүп турарын белгиледи. Буга чейин өкмөт тарабынан Равшан Муминовдун үй-бүлөсүнө турак жай алуу үчүн эки миллион сом бөлүнгөнү айтылды.

Белгилей кетсек, 16-сентябрь күнү кечке жуук кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, коңшу өлкөнүн чек арачылары Максат жана Сай бекеттерине ок аткан. Анын кесепетинен атайын даярдыктагы «Бөрү» отрядынын прапорщиги, 41 жаштагы Равшан Муминов каза таап, 13 киши жарадар болгон.

Добавить комментарий