52 милиция кызматкери атайын сыйлыктарга ээ болушту

Анын айтымында, облустун укук коргоо кызматкерлери Ички иштер министрлигинин жана Ички иштер башкармалыгынын ведомстволук сыйлыктары менен сыйланышты. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Улан Асанбаев милиция кызматкерлерине туруктуулугу, берилгендиги жана инфекциянын жайылышын алдын алууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Бул баардык адамдар үчүн, айрыкча майданда жүргөндөр үчүн кыйла татаал мезгил. Биргелешкен аракеттердин натыйжасында гана биз вирустун жайылышын алдын алабыз жана башка көйгөйлөр менен күрөшө алабыз», — деди облустук милициянын башчысы.

52 укук коргоо органынын кызматкерлери сыйлык алышты.

Добавить комментарий