Бүгүн Ош шаарында дүйнөнүн 15 мамлекетинен келген ишканалар 3000ге жакын бош жумуш орундарын сунуштап жатат

Бүгүн Ош шаарында дүйнөнүн 15 мамлекетинен келген ишканалар 3000ге жакын бош жумуш орундарын сунуштады. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Ярмарка зарубежных компаний вакансий в городе Ош

Жарманке мигранттардын күнүнө карата Ош мамлекеттик университетинин имаратында эртең мененки саат 09.00дөн 16.00гө чейин өттү. Негизги максаты — сырттан иштеп келүүнү каалаган кыргызстандыктарга ыңгайлуу шарт түзүп берүү жана алданып калуусун алдын алуу.

Ярмарка зарубежных компаний вакансий в городе Ош

Маалыматка караганда, кыргыз жарандарына Россия, Түркия, Казакстан, Болгария, Латвия сыяктуу мамлекеттерден келген жумуш берүүчүлөр тейлөө тармактарындагы иштерди сунуштап жатышат. Жумушка алынган жарандар иш берүүчү менен ортомчусуз, түз келишим түзө алат.

Ярмарка зарубежных компаний вакансий в городе Ош

Мамлекеттик миграция комитетинин билдирүүсүнө караганда, азыркы тапта чет жактарда иштеп, окуп жүргөн кыргызстандыктардын саны миллиондон ашуун. Негизги агым Россия менен Казакстанда.

Ярмарка зарубежных компаний вакансий в городе Ош

Ошондой эле акыркы учурда Түркия жана АКШда да кыргызстандык мигранттардын көбөйгөнү байкалган.

Добавить комментарий