Маалым болгондой, акимдик кызматта узак мөөнөттө Семетей Черикбаев 5 жылга чукул иштеген болсо, ал эми эң кыска убакытта Дастан Бердиев 45 күн аким болгон. Райондун алгачкы акими Дөөлөтбек Берикбаевдин уулу Сейтек Кулубаев 2010-2013-жылдары аким болуп иштеген. Сейтек Кулубаев учурда кайрадан экинчи жолу акимдик кызматты аркалап жатат.
Акимдердин тизмеси:
— Дөөлөтбек Берикбаев 1947-жылы Баетов айылында туулган. 1990-1993-жылдары аким болгон;
— Турар Сулайманов 1948-жылы Бишкек шаарында туулган. 1993-1994-жылдары районду башкарган;
— Өмүрбек Кожеков 1954-жылы Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылында туулган. 1994-1997-жылдары акимдик кызматты аркалаган;
— Ыбраим Жолдошов 1951-жылы Ак-Талаанын Кош-Дөбө айылында туулган. 1997-2001-жылдары аким болуп иштеген;
— Дастан Бердиев 1950-жылы Ош облусунун Лейлек районунун Баул айылында туулган. Ал 2001-жылдын март-апрель айларында 45 күн акимдик кызматты аркалаган. Бийик тоолуу районго ден соолугу туура келбегендиктен кызматтан кеткен.
— Молдобек Ашыралиев 1947-жылы Талас облусунун Кара-Буура районунун Киров айылында туулган. 2001-2004-жылдары акимдик кызматты аркалаган;
— Алмаз Кулматов 1967-жылы Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айылында туулган. 2004-2008-жылдары аким болгон;
— Жаныбек Ажибаев 1955-жылы Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айылында туулган. 2008-2009-жылдары акимдик кызматты ээлеп турган;
— Эмилбек Алымкулов 1966-жылы Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Оттук айылында туулган. 2009-2010-жылдары аким болгон. Учурда Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү;
— Сейтек Кулубаев 1971-жылы Ак-Талаа районунун Баетов айылында туулган. 2010-2013-жылдары акимдик кызматты аркалаган;
— Семетей Черикбаев 1979-жылы Ак-Талаа районунун Баетов айылында туулган. 2013-2018-жылдары аким болуп иштеген;
— Нурбек Молдокадыров 1977-жылы Нарын шаарында туулган. 2018-2019-жылдары акимдик кызматты аркалаган. Учурда Нарын шаарынын мери болуп иштеп жатат;
— 2019-жылдын 14-октябрь күнүнөн тарта кайрадан Сейтек Кулубаев аким болуп дайындалды.