4,5 жылга эркинен ажыратылды: баланы өлтүргөн адам соттолду

Эки жашар кызды сабап өлтүргөн өгөй ата 4,5 жылга эркинен ажыратылды.

Мындай өкүмдү ага Сузак райондук соту чыгарган. Анын аракеттери адам өлтүрүү катары квалификацияланган.

Бул тууралуу Жалал-Абаддагы “Адилет” укук коргоо уюму билдирди.

Анын айтымында, «Адилеттин» жактоочусу жана прокуратура бул адамды «Киши өлтүрүү» беренеси боюнча жоопко тартууну жактап жатат.

Кыздын мыйзамдуу өкүлү Нуралинин чоң атасы – таламын талашкан укук коргоо уюмунун юристи Нурислам Райымжанов баланын денесинен катуу сабалуунун ачык белгилери табылганда, шалаакылыктан өлүмгө дуушар болгонун кантип айтууга болот деп таң калууда.

«Адам бир аракетти байкабай жасаган же күчтү эсептебей туруп урган болсо, бул шалаакылык катары кабыл алынышы мүмкүн. Бирок мыкаачылык менен ур-токмокко алуу да болгон. Тажрыйбалуу юрист мен үчүн деле иштин материалдары менен таанышуу, кичинекей кыздын өлүмүнө алып келген жаракаттарды окуу кыйынга турду», – деп нааразы болду адвокат.

Уюм 2019-жылдын март айында Сузак районунда 2,5 жаштагы кыз киши колдуу болуп каза болгонун эске салды. Райондук сот ошол эле жылдын ноябрь айында кыздын апасы Танзиланы (аты өзгөртүлдү) өз кызын өлтүргөн деп айыптап, жети жарым жылга эркинен ажыраткан. Кийинчерээк, 2020-жылдын январында өкүмдү аткаруу аялдын кош бойлуулугуна байланыштуу – жаңы төрөлгөн ымыркай 14 жашка чыкканга чейин жылдырылган.

2020-жылдын 23-июнунда Жалал-Абад облустук соту облустук прокуратуранын арызынын негизинде биринчи инстанциянын чечимин жокко чыгарган. Көзөмөл органы кыздын өгөй атасын өлтүрүүгө катыштыгы болушу мүмкүн экенин көрсөткөн жагдайларга көңүл бурду. Документте Мураталы (өгөй атасы) өгөй кызы менен чогуу жашаганына абдан нааразы болуп, аны дайыма сабап турганы айтылат.

Прокуратура ошондой эле балага келтирилген жаракат бутак жана телефондун заряддагычынын зымы себеп болушу мүмкүн эмес экенин, өлтүрүлгөн кыздын апасы өлтүргөнүн мойнуна алып жатканда көрсөткөнүн белгиледи.

Добавить комментарий