Кыргызстанда акыркы суткада 54 адамда коронавирус аныкталды.
КР Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, ооругандардын көбү Бишкек шаарында – 25. Республика боюнча бир сутка ичинде эки адам каза болду.
Кыргызстанда бир суткада СOVID-19 инфекциясынын 54 учуру катталганын Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Бейтаптар кайда аныкталды:
Бишкек — 25;
Ысык-Көл облусу – 13;
Жалал-Абад – 7;
Талас облусу — 4;
Баткен облусу – 2;
Чүй облусу — 1;
Ош облусу — 1;
Нарын облусу – 1.
Ошто жаңы учур катталган жок.
Пандемия башталгандан бери республикада инфекциянын 181 936 учуру аныкталган.
Акыркы суткада эки бейтап каза болуп, алар вакцина алышкан эмес. Өткөн жылдын жаз айынан бери COVID-19дан 2691 адам каза болгон.
77 адам айыкты. Расмий маалыматтар боюнча, 2020-жылдын март айынан бери өлкөдө 176 323 адам коронавирус менен ооруган.
576 бейтап стационардык, 815 бейтап амбулатордук дарыланууда.
Акыркы суткада 2 миң 849 кыргызстандык вакцинаны алды: 1 миң 460 – биринчи доза, 1 миң 389 – экинчи. Бүгүнкү күндө 1 015 069 адам бир доза менен эмделди, экөө менен тең 788 480 адам.