Бишкекте кыргыз-пакистан бизнес форумунун жыйынтыгында өлкөлөр ортосунда Соода үйүн түзүү боюнча макулдашууга кол коюлду.
Бул тууралуу Инвестицияларды илгерилетүү боюнча улуттук агенттик билдирди.
16-мартта Бишкекте 40тан ашык компаниялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда кыргыз-пакистан бизнес форуму өттү. Иш-чаранын алкагында B2B форматындагы жолугушуулар өтүп, Пакистан-Кыргызстан соода үйүн түзүү боюнча келишимге кол коюлду.
Иш-чара ийгиликтүү деп эсептелет, анткени ал катышуучуларга билим берүү, саламаттыкты сактоо, меймандостук, архитектура жана курулуш, маалымат технологиялары, логистика жана эл аралык транспорт сыяктуу ар кандай чөйрөлөрдө бизнес кызматташтыгын кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Инвестицияларды илгерилетүү боюнча улуттук агенттик Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы соода-экономикалык байланыштын мындан аркы өнүгүшүнө ишеним билдирди.