Зордук-зомбулук болгон учурда кайда баруу керек?

Кыргыз аялдары көп учурда зордук-зомбулукка кабылышат. Көптөн бери ал жөнүндө унчукпай калуу адатка айланган. Жалган уяттын же коркуунун айынан зордук-зомбулукка кабылгандар сейрек жардам сурашкан. Зомбулукка сабырдуулук туура эмес.

Эгерде сиз өзүңүздү агрессор менен бир мейкиндикте тапсаңыз, анда эң негизги милдет – өзүңүзгө жана жакындарыңызга зыянды азайтуу. Бул тууралуу Республикалык ден-соолукту чыңдоо борбору (РДЧБ) Твиттерде билдирди.

РДЧБнын кеңеши боюнча, “бурчтарды тегиздеп” жана чыр-чатактан алыс болуу керек. «Талашып-тартышпаганга жана агрессордун талаптарын аткарганга аракет кылуу керек. Эгерде өмүргө жана ден-соолукка коркунуч жаралса, анда агрессор турган жерден токтоосуз чыгып кетүүгө аракет кылыңыз. Милиция кызматкерлерин чакырыңыз же көчөдөгү адамдардан жардам сураңыз, дарыгерлерди чакырып, алган жаракаттарды жазып алыңыз», – деп жазышат борбордун өкүлдөрү.

Эгер сиз агрессордон качууну чечсеңиз, анда аны эч качан көрсөтпөңүз же ага билдирбеңиз. Ал буга жол бербөө үчүн баарын жасайт. Агрессор жок болгондо кетиңиз.

«Эгер сиз агрессор менен жашап жатсаңыз, үйдөн чыгып кетүү планын иштеп чыгыңыз. Кризистик борборлор, досторуңуз, үй-бүлөңүз аркылуу башпаанек табыңыз. «Керектүү буюмдар чемоданын» алдын ала чогултуп алыңыз: паспорт жана башка документтер, дары-дармектер, акча каражаттары, жеке гигиена каражаттары», – деп кеңеш берет РДЧБ.

Добавить комментарий