Жогорку Кеңештин депутаттары канча сессияны өткөрүп жиберишти

Инфографикада колдонулган маалыматтарды топтоо булагы – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайты.

Маалымдама:

Депутаттардын беш күндүк иш жумасы бар. Дүйшөмбү-шейшемби күндөрү алар комитеттерде, шаршемби-бейшемби күндөрү – Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында отурушат. Жума күнү депутаттар фракциялардын жыйындарында мыйзам долбоорлорун жана өлкөнүн көйгөйлөрүн талкуулашат.

Парламенттин сайтында депутаттардын фракциялык жыйындарга катышуусу жөнүндө маалыматтар жок. Демек, материал пленардык (жалпы) сессияларга гана маалыматтарды камтыйт.

ЖК сайтында 2016-жылдын 15-июнунан 2020-жылдын 1-апрелине чейинки маалыматтар бар. Алар инфографикага киргизилген.

Алтынчы чакырылыштын беш жыл ичинде 174 адам депутаттык мандатка ээ болушту. 2016-жылдын 15-июнунан 2020-жылдын 1-апрелине чейинки мезгилде 131 парламентарий 938 жолу пленардык жыйындарга катышкан эмес.

Мисалы, КСДП партиясынан депутат Осмонбек Артыкбаев 75 жолу жумуш ордунда жок болгон. Белгилей кетсек, 2020-жылы 9-апрелде ЖЭБди модернизациялоо иши боюнча соттолгондон кийин ал мандатынан ажыратылган.

Ар бир партия жөнүндө өзүнчө сөз кылсак, КСДП фракциясынын депутаттары 320 жолу, «Республика-Ата Журт» – 171, «Кыргызстан» – 152, «Ата Мекен» – 139, «Өнүгүү» – «Прогресс» – 88 жолу, жана «Бир Бол» оюндары – 68 жумуш ордунда жок болушкан.

Добавить комментарий