Жаңы жыл күнү кар жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы

Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы апта ичине карата алынган аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

29-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми күндүзү Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында жамгыр жаашы мүмкүн. Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир аймактарында кар жаайт.

Кыргызстан боюнча 2-январга чейинки аба ырайы

30-31-декабрда көпчүлүк аймактарда кар жаашы мүмкүн. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын арбын болушу ыктымал. Жолдорго муз тоңуп, тоолуу аймактагы жолдордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, тоолуу жактарда 15-20 метрге жетиши ыктымал.

30 декабря

 

31 декабря

1-январда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаайт, ал эми күндүзү жана 2-январда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

3-январда жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. 4-январда кээ бир райондордо кар жаайт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Добавить комментарий