Уйкуну качырган азыктар аталды: тизме

Курамында рафинаддалган углеводу бар азыктар уйкусуздукту шарттайт. Мындай бүтүмгө Колумбия университетинин алдындагы Дарыгерлер жана хирургдар колледжинин изилдөөчүлөрү келгенин MedicalXpress жазды.

Илимий иштин авторлору постменопаузадагы (айыз цикли токтогон — ред.) 50 миңдей аялдын ичкен тамагын талдап чыгышкан. Алардын жыйынтыгына ылайык, кумшекер, ак нан жана күрүч сыяктуу азыктар кандагы канттын деңгээлин жогорулатып иет. Бул өз кезегинде уйкуну качырат.
Адистердин айтымында, организм кандагы кантты азайтуу үчүн инсулин чыгарат. Бул гормондордун, башкача айтканда, уйкунун бузулушун шарттаган адреналин менен кортизолдун бөлүнүп чыгышына алып келет.

Мындан улам окумуштуулар уйкуну жакшыртуу үчүн тамак-ашка жашылча-жемиштерди арбыныраак пайдаланууну сунуштайт.

Добавить комментарий