Кызганып, тыйып, зордуктап… Бишкектик эркектер түгөйлөрүнө кандай мамиле жасайт

Ар бир үчүнчү бишкектик анын аялы башка эркек менен сүйлөшсө, кызганып, ачууланат. Ушул жана башка кызыктуу фактыларды Улуттук статистика комитетинин адистери аныктап чыкты. Алар төрт райондун жана он конуштун (Ак-Ордо, Рухий Мурас, Ак-Бата, Эне-Сай, Бакай-Ата, Ак-Тилек, Мурас-Ордо, Калыс-Ордо, Жеңиш, Көлмө) жашоочуларынын арасында сурамжылоо жүргүзүшкөн. Анкетаны 18 жаштан 65 жашка чейинки 1090 аял толтурган.

Иликтөө өткөн жылдын ноябрь-декабрь айларында БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы менен биргеликте жүргүзүлгөн.

Кыргызстанда канча улуттун өкүлдөрү жашайт
Аялдардан жеке мамиледе кабылган чектөөлөр тууралуу сурашкан. Бишкек шаары менен жаңы конуштагы кыз-келиндердин көбү жигити же күйөөсү кайда жүргөнүн билдирип турууну дайыма талап кыларын белгилеген. Мындай жоопту борбор калаада сурамжылангандардын 38 пайызы, жаңы конуштагылардын 42 пайызы берген.
Ал эми бишкектиктердин 36 пайызы башка эркектер менен сүйлөшсө, түгөйү ачууланарын айтышкан. Ал эми жаңы конуштарда жашагандарда бул сан көбүрөөк.

Сурамжылоого катышкан ар бир онунчу аял күйөөсү (жигити) курбулары менен көрүшүүгө тыюу саларын билдирген. Конуштарда жашагандардын 17 пайызы дагы ушул жоопту берген.

Ошондой эле иликтөөчүлөр шаар менен жаңы конуштун тургундарынан үй-бүлөлүк зомбулуктун кайсы түрүнө кабыларын сурашкан. Ага ылайык, бишкектиктердин алты пайызы психологиялык, беш пайызы ур-таяктан, үч пайызы сексуалдык зомбулуктан жабыркайт.

Ал эми жаңы конушта сурамжылангандардын 11 пайызы психологиялык кысымдан, 16 пайызы ур-тепкиден, ал эми 6 пайызы сексуалдык зомбулуктан жапа чеккени маалым болгон.

Добавить комментарий