Тоолуу жолдордо кооптуу!

Айдоочулардын көңүлүнө! Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөнүн тоолуу унаа жолдорундагы кооптуулук жөнүндө эскертти

Күтүүсүз суукка байланыштуу куткаруу кызматынын кызматкерлери унаа ээлерин тоолуу жолдор аркылуу саякаттоону пландаштырууда этият болууга чакырат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«23-24-октябрда республикада аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт: көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Буга байланыштуу айдоочуларды транспорту алдын ала даярданууга чакырабыз. Тоодогу чоң жолдор аркылуу саякаттоодо күрөк, чынжыр жана аптечка болушу керек, ошондой эле жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырыш керек. Унаа айдап баратканда кеминде 500 метр аралыкты сактоо керек», – деп билдиришти ӨКМден.

Куткаруу кызматы өзгөчө кырдаалдар болгон учурда жарандар 112 номерине чала алаарын эскертет. Чалуу акысыз.

Добавить комментарий