Россиянын Адам укуктары боюнча кеңешке мүчөлүгү токтотулду

БУУнун басма сөз кызматы уюм Украина менен болгон согуштан улам Россиянын Адам укуктары боюнча кеңешке мүчөлүгүн токтотуу чечимин чыгарганын билдирди.

Буга себеп катары «Украинага басып киргенде» орус аскерлери тарабынан адам укуктарынын «одоно жана системалуу түрдө бузулушу» далилдери келтирилген.

93 катышуучу Россияны тизмеден чыгарууга добуш берсе, 24 өлкө каршы, 58 калыс калды. Каршы добуш берген өлкөлөрдүн арасында Алжир, Беларус, Кыргызстан, Боливия, Бурунди, Куба, Сирия, Эритрея жана Эфиопия бар. Ошол эле учурда резолюцияны Москванын көптөгөн өнөктөштөрү бар Сербия менен Мьянма дагы колдоду. Калыс болгондорго Түштүк Африка, Египет жана Сауд Аравиясы кирет.

Кытай Россиянын мүчөлүгүн токтотууга каршы добуш берди. Анын басма сөз катчысы Чжан Цзюнь бул чечимди шашылыш деп атап, бул БУУнун ичиндеги ажырымды тереңдете турганын айтты.

Украинанын БУУдагы өкүлү Сергей Кислица добуш берүү алдында резолюцияны колдоо Адам укуктары боюнча кеңешти жана Украинада жана дүйнөдө көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап калаарын билдирди.

Добуш берүү таблицасы

БУУ Россиянын Адам укуктары боюнча кеңешке мүчөлүгү токтотулганын жарыялады

БУУ Россиянын Адам укуктары боюнча кеңешке мүчөлүгү токтотулганын жарыялады

Добуш берүүгө коюлган резолюциянын текстинде Россиянын баскынчылыгынан кийин «Украинада уланып жаткан гуманитардык жана адам укуктары кризисине терең тынчсыздануу» билдирилген.

АУЕС мындан ары Россияга каршы иштерди карабайт. Кийинкиси эмне?

Дүйшөмбү күнү Россияны киргизбөө сунушун АКШ киргизген – бул Украинанын Буча шаарында жарандардын массалык өлтүрүлүшү жөнүндө маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн кийин болду.

Добавить комментарий