Пандемияга байланыштуу бюджеттен чыгымдардын кандай беренелери кыскартылды

Коронавирустук инфекциянын жайылышына жана бир катар карантиндик чаралардын кабыл алынышына байланыштуу, 2020-жылы мамлекеттик бюджеттин чыгашаларынын айрым беренелери кыскартылды.

Салыктык кирешелердин төмөндөшүнүн фонунда жана коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу зарылчылыгында, Кыргызстан чыгымдардын бир бөлүгүн токтотту.

Тактап айтканда, айыл чарбасында, отун-энергетикалык комплексинде, тоо-кен өнөр жайында, транспортто жана байланышта экономикалык максаттарга мамлекеттик чыгымдар толугу менен токтотулду.

Ошентип, бюджет 2 миллиард 791 миллион 606,6 миң сомду бошото алды. Бул каражаттар өлкөдөгү учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кыйла актуалдуу болгон бюджеттин башка статьяларына багытталды.

Мындан тышкары, айлана-чөйрөнү коргоо, маданият, эс алуу жана дин маселелерин чечүүгө бөлүнгөн каражаттар 525 миллион 122,7 миң сомго азайды. Ошол эле учурда саламаттыкты сактоого кеткен чыгымдар 23,3%, же 3 миллиард 258,3 миллион сомго көбөйгөн.

Бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн өсүшүнө мугалимдердин жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айлык акыларынын жогорулашы дагы өбөлгө түзгөн деп кошумчалайбыз.

Добавить комментарий