Пандемия: Дүйнөдө 8,3 миллион адам коронавирусту жуктурган

Дүйнөдө жалпысынан 8,331,335 адам коронавируска чалдыккан. Эң көп жуккан АКШ (2 миллион 163 миң 290), Бразилия (955 миң 377), Россия (552 миң 549), Индия (354 миң 65), Улуу Британия (300 миң 717), Испания (244 миң 683) жана Перу ( 240 миң 908).

Коронавирус инфекциясы 188 мамлекетте катталган.

Коронавирусту жуктуруп алгандан кийин айыгып кеткен адамдардын саны 4 миллиондон ашты. Бир күндүн ичинде индикатор 119 миң 970 кишиге өскөн.

Коронавирустан каза болгондордун саны 448 миң 504 кишиге жетти. Шаршемби күнү эртең мененки маалыматка караганда, бул көрсөткүч 6 миң 836 кишиге көбөйдү. Анын ичинде АКШда 117 миң 717 адам, Бразилияда – 46 миң 510, Улуу Британияда – 42 миң 238, Италияда – 34 миң 448, Францияда – 29 миң 578 адам көз жумган.

Кыргызстанда коронавирус менен ооруган 2 миң 657, Казакстанда – 15 миң 542, Өзбекстанда – 5 миң 682, Тажикстанда – 5 миң 221 учур катталды.

Добавить комментарий