Пандемия башталгандан бери дүйнөдө 3,2 миллион адам коронавирустан көз жумган

Окумуштуулар түзгөн онлайн картада чагылдырылган статистикалык маалыматтарга ылайык, дүйнө жүзүндө 3,2 миллиондон ашуун адам коронавируска чалдыкканы аныкталды. Алардын ичинен, өткөн суткада эле, 867 миң 587 ковид-19 диагнозу коюлган.

Жалпысынан дүйнөдө коронавирусту 155 миллион 655 миң 853 адам жуктурган. Көбүнчө АКШда (32 миллион 604 миң 495), Индияда (21 миллион 77 миң 410), Бразилияда (15 миллион 3 миң 563), Францияда (5 миллион 789 миң 283), Түркияда (4 миллион 977 миң 982), Россияда жуккан (4 миллион 799 миң 872), Улуу Британияда (4 миллион 444 миң 262), Италияда (4 миллион 82 миң 198), Испанияда (3 миллион 559 миң 222), Германияда (3 миллион 502 миң 672), Аргентинада (3 миллион 95) миң 582), Колумбияда (2 миллион 951 миң 101) жана Польшада (2 миллион 818 миң 378) катталды.

Коронавируска чалдыккан учурлар дүйнөнүн 192 өлкөсүндө катталган.

Коронавирусту жуктургандан кийин айыгып кеткендердин саны 91,9 миллиондон ашты. Бир сутка ичинде бул көрсөткүч 673 218 адамга көбөйгөн.

Коронавирустан каза болгондордун саны 3 миллион 252 миң 119га жетти. Бир сутка ичинде бул көрсөткүч 14 миң 300 адамга көбөйдү. Анын ичинде АКШда жалпысынан 580 миң 61 адам, Бразилияда – 416 миң 949, Индияда – 230 миң 168, Мексикада – 218 миң 173, Улуу Британияда – 127 миң 843, Италияда – 122 миң 263 жана Россияда – 110 миң 366 адам каза болгон.

Кыргызстанда коронавирустук инфекциянын 97 миң 663 учуру катталган, Казакстанда – 391 миң 52, Өзбекстанда – 93 миң 176, Тажикстанда – 13 миң 308.

Добавить комментарий