Мончо гигиеналык процедураларды кабыл алуу үчүн гана эмес. Анын сапары адамдын ден-соолугун чыңдайт. Туура кабыл алынган мончо процедуралары көптөгөн оорулардын алдын алуу жана дарылоо болуп саналат. Мончого баруу зын болбош үчүн, ушул сунуштарды аткарууну унутпаңыз.
- бууга тушуудөн эки саат мурун, жеңил тамактанып алыш керек;
- мончого барар күнү спирт ичимдиктерин ичпөө керек;
- мончого барганда, табигый кездемеден тигилген бош кийимди кийүү керек;
- кыздарга синтетикалык материалдардан жасалган купальник кийүү сунушталбайт, демек, бууланган териге синтетика зыян;
- буу бөлмөсүнө кирерден мурун, табигый самын менен жылуу душ алуу керек;
- буу бөлмөсүнө кирерден мурун, терини күйгүзбөө үчүн зергер буюмдарын алып салуу керек;
- башты жоолук (топу) менен жаап, бут кийимин жана баш кийим кийүү керек.