Микробиологдор бир нече айдан бери ар кайсы өлкөлөрдүн лабораторияларында COVID-19 үлгүлөрү менен иштеп жатышат. Сканерлөө жана электрондук микроскопторду колдонуу менен илимпоздор коронавирустун жаңы түрүн сүрөткө тартып алышкан.
SARS-CoV-2 бетинде “таажычалары” бар, ошондуктан вирус формасы менен таажыга окшошот. РНК «генетикалык программа менен кабыл алуучу клетканы вирустун жаңы нускаларын чыгарууга мажбурлаган гени» вирустун белок кабыгына киргизилген. Геномдун анализинен көрүнүп тургандай, коронавирустун белок бети тектеш вирустардын протеиндеринен айырмаланып, белокту жандандыруучу элемент — фуринден турат.
SARS-CoV-2 генетикалык материалы, чындыгында, кол салуучу катары иштейт, ал клетканын бүт метаболизмин камтып, андан ары көбөйүүгө өбөлгө түзөт. Алар көбөйгөн сайын вирустун көчүрмөлөрү жуккан клеткадан чыгып, кошуналарын басып алышат. Көбүнчө белгилер кекиртектин арткы жеринде пайда болот — тамак оору жана кургак жөтөл. Андан кийин вирус акырындык менен бронхторго түшүп баштайт. Ал өпкөгө жеткенде, альвеолдорго — атмосфералык аба менен кандын ортосунда газ алмашуу жүрүп турган везикулалык түзүмдөргө таасир этет. Натыйжада шишик жана сезгенүү пайда болуп, альвеолдор суюктукка жана өлүп калган клеткаларга толуп, вирустук-бактериалдык пневмония (өпкө оорусу) өрчүйт.
Вирустук бөлүкчөлөр көптөгөн органдардын былжырлуу кабыкчаларына, айрыкча, ичеги-карын органдарына таасир этиши мүмкүн. Ошентип, айрым пациенттерде инфекциянын белгилери жөтөл жана пневмония түрүндө эмес, диарея жана ичтин оору түрүндө кездешет. Дарыгерлердин айтымында, вирус боорго, жүрөккө, бөйрөктөргө, жилик чучугуна жана кан тамырларына да таасирин тийгизиши мүмкүн.
Worldometers билдиргендей, 6-апрелге карата, коронавирус 208 өлкө жана аймактарга жайылган. Дүйнө жүзүндө COVID-19 боюнча 1,276 571 учур катталган. 69 522 адам өлүп, 265 944 айыгып кетти.