Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 коронавирус пандемиясына байланыштуу бир жолку медициналык маскаларды колдонуу боюнча сунуштарды чыгарды. ДССУ эксперттери эскертет: маскалар курч респиратордук вирустук инфекцияны алдын-алуу үчүн башка ыкмалар менен айкалышканда гана натыйжалуу болот жана баарына эле керек эмес. Чындыгында аларды ким кийиши керек жана аларды кандайча кийип, чечип алып, туура тескөө керек — инфографикада.
Маанилүү! Эгерде сизде жамаатта маска кийүүнү талап кылган эрежелер бар болсо, аларды так сактоо керек. Эгерде дарыканаларда маскалар жок болсо, анда аларды өзүңүз тигип же жоолук (шарф) колдоно алсанар болот.
