Кыргызстандын эл аралык камдары 61,09 млн долларга азайган

Кыргызстандын Улуттук банкы эл аралык камдардын көлөмү 61,09 миллион долларга азайгандыгын жарыялады.     

Кыргызстандын дүң эл аралык резервдери бешинчи ай катары менен төмөндөп жатат.

2021-жылдын январь айынын аягында камдар 2 миллиард 747,02 миллион долларга жетти. Бир ай ичинде алар 61,09 миллион долларга азайган. 2020-жылдын августунан бери бул көрсөткүч 324,16 миллион долларга чейин төмөндөгөн. Бирок ушул жылдын январь айына салыштырмалуу алар, тескерисинче, 315,14 миллион долларга көбөйгөн.

Эске салсак, Улуттук банк резервдерди валюта рыногундагы кескин өзгөрүүлөрдү текшилөө үчүн колдонот. Өткөн жылы Улуттук банк 29 интервенция жүргүзүп, 467 миллион 150 миң долларды саткан.

Добавить комментарий