Кыргызстандын алтын өндүрүүчү ишканаларынан 1,5 эсе көп салык алынат

Кыргыз бийлиги өлкөнүн алтын казган ишканаларынан бир жарым эсе көп салык алуу ниетин билдирген.

2022-жылы Кыргызстан алтын казуучу компаниялардын кирешесинен түшкөн салык менен казынаны 8,5 миллиард сомго толтурууну пландоодо. Бул сандарды Каржы министрлиги келтирет.

Бул сумма 2021-жылга болжолдонгондон эки эсе көп (4,088 млрд сом). Ошол эле учурда мамлекеттик бюджеттин аткарылышы боюнча отчетко ылайык, чындыгында алтын казган ишканалар казынаны 5,8 миллиард сомго толуктаган. Башкача айтканда, план 42% ашык аткарылган.

«2023-2024-жылдарга алтын казуучу компаниялардын кирешесинен салыктын түшүүсү боюнча болжол 9,2 млрд сомду жана 9,99 млрд сомду түздү», — деп айтылат ведомствонун документинде.

Маалым болгондой, 2022-2024-жылдар аралыгында алтын өндүрүүчү ишканалардан түшкөн салыктын ИДПдагы үлүшү 1,2% түзөт.

Кыргыз бийлиги быйыл былтыркыдан эки эсе көп салык чогулта турганын жарыялаган

Кыргыз бийлиги быйыл былтыркыдан эки эсе көп салык чогулта турганын жарыялаган

Добавить комментарий