Кыргызстанда ооругандардын саны азайды

Кыргызстанда коронавирус менен ооругандардын саны иш жүзүндө 13,5 пайызга же күнүнө 56 адамга азайган.

Бул ооруканалардан бошотулгандардын көптүгүнөн улам болду. Бүгүнкү күндө катталган бардык пациенттердин 37 пайызы коронавирустан айыккан.

20-апрелде Кыргызстанда расмий түрдө коронавирустук инфекциянын 568 учуру катталды. Алардын ичинен 201 адам айыгып, 7 адам көз жумган. Чындыгында 360 адам ооруп жатат. Бул коронавирусту жуктуруп алгандардын 63 пайызы дагы эле клиникаларга жатканын билдирет.

Добавить комментарий