19-июнга карата Кыргызстанда расмий түрдө 2 миң 789 коронавирус инфекциясы катталды. 1 миң 961 айыгып, 32 адам көз жумган.
Чындыгында 796 адам оорулуу бойдон калууда.
Акыркы сутка ичинде өлкөдө коронавирус менен ооруп калгандардын саны 14,86 пайызга же 103 кишиге көбөйдү.
Апрель айында коронавирус менен ооругандардын саны 1,6 эсеге көбөйгөн. Май айында бул көрсөткүч 1,3 эсеге жогорулаган.
19-июнга карата катталган бейтаптардын 70,31 пайызы коронавирустан айыгып кетишкен.
Жума сайын ооруга чалдыгуунун өсүшү мындай:
8-14 июнь – минус 17,2 пайыз;
1-7 июнь – минус 9,68 пайыз;
25-31 май – өсүү 32,2 пайыз;
18-24 май – өсүш 9,1 пайыз;
11-17-май – өсүш 1,3 пайыз;
4-10 май – өсүү 28,6 пайыз;
27-апрелден 3-майга чейин – минус 24,3 пайыз;
20-26-апрель – минус 15,6 пайыз;
13-19-апрелде – 20 пайыз;
6-12-апрелде – 57 пайыз;
30-марттан 5-апрелге чейин – 48 пайыз;
23-29-март – бейтаптардын саны 7 эсеге көбөйдү;
18-22-март – бейтаптардын саны 4 эсе көбөйдү.