Кыргызстанда коронавирус: 2022-жылдын 3-мартына карата

2022-жылдын 3-мартына карата бир суткада коронавирус жуктургандардын саны боюнча маалымат келип түштү.

Кыргызстанда бир суткада СOVID-19 инфекциясынын 20 учуру катталганын Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Бейтаптар кайдан аныкталган:

Бишкек – ​​9;

Чүй облусу – 7;

Жалал-Абад – 2;

Баткен – 1;

Ош – 1.

Пандемия башталгандан бери республикада инфекциянын 200 575 учуру аныкталган.

Өткөн суткада бир дагы бейтап коронавирустан каза болгон жок – январь айынын башынан бери биринчи жолу. 2020-жылдын жазынан бери COVID-19дан 2960 адам каза болду.

Акыркы 24 саатта 100 жаран айыгып чыкты. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө расмий маалыматтар боюнча 195 468 адам коронавирус инфекциясы менен ооруган.

169 бейтап стационардык, 403 бейтап амбулатордук дарыланууда.

Бир сутка ичинде Кыргызстанда 2704 ПЦР изилдөөсү жүргүзүлгөн.

Кыргызстанда бир суткада 20 адамдан коронавирус аныкталды

Кыргызстанда бир суткада 20 адамдан коронавирус аныкталды

Добавить комментарий