Улуттук статистика комитетинин адистери негизги тамак-аш азыктарынын жана кээ бир күйүүчү май түрлөрүнун баасы канчалык өзгөргонун эсептеп чыгышты.
Өткөн жылдын крафиги көрсотуп тургандай, айрым тамак-аш азыктарынын баасы туруктуу болгон, мисалы, нан менен жылкы этинен бир килограмынын наркы бир аз гана өзгөрду. Жылдын ичинде жогорку сорттогу ун баасы, 4 сомго өскөн.
Ал эми эт-азыктарын ала турган болсок, бардыгынан уйдун баасы жогорулады: өткөн жылдын башында, Кыргызстандыктар эттин 1 кг — 247 сомго сатып алса, эми анын баасы 1 кг — 324 сомго жетти. Кой эти да жогорулады, бирок анын чеги октябр айына туура келди: эн жогорусу 1кг- 315 сомду түзгөн, бирок төмөндөп баштап, кайрадан көп өтпөй 312 сомго жетти.
Белгилей кетчү нерсе, тооктун бутунун бааны көтөрүлду: ылдын биринчи жарымында анын баасы акырындык менен төмөндөсо, июлдан баштап кайра өсө баштады. Натыйжада, эми кыргызстандыктар тоок бутун 147 сомго сатып алышат, бул буюмдун бир килограммы былтыркы жайдын башында 131 сом турчу.
Сүттүн баасы да жыл бою «секирип» келди: Өткөн жылдын башында 1 литр чийки суттун наркы 37 сом турган, май айында сүт 5 сомго арзандаган, ал эми 2020-жылдын башына карата 39 сомго чейин кымбаттап кеткен. Ушул сыяктуу көрүнүш жумуртка баасында да болду.
Тамак-аш азыктарынан кант айыриаланып келди: бир жылдан ичинде, анын баасы 6 сомго төмөндөдү — азыр канттын орточо баасы 41 сом.
АИ-92 жана АИ-95 маркасындагы дизелдик отун жана бензин наркы өзгөрүү динамикасы дээрлик бирдей чыкты: жаздын орто чегинде, отундун бул түрүнун баасы минимумга жетти, андан кийин ошол эле денгээлде сакталган. Жалпысынан алганда, Өткөн жана учурдагы жыл менен салыштырып көрсөк, күйүүчү май бир аз арзандады — 1-2 сомго.