Кыргызстанда эмгек акы боюнча карыз 300 миллион сомду түздү

Кыргызстанда эмгек акы боюнча жалпы карыз 300 миллион сомдон ашык экенин Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Алынган маалыматтарга ылайык, 2021-жылдын 1-декабрына карата ишканалардын кызматкерлерге эмгек акы төлөө боюнча карызы 327,5 миллион сом болгон. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу сумма 1,4% өскөн.

Эмгек акы боюнча жалпы карыздын олуттуу үлүшү Чүй районунун ишканаларына жана уюмдарына 42,6% туура келген.

Добавить комментарий