Кыргызстан: эл аралык камдар кыскарган

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалыматы боюнча, акыркы бир айда Кыргызстандын эл аралык резервдери кескин кыскарды.

Сентябрдын аягында Кыргызстандын дүң эл аралык камдары 76 миллион 58 миң долларга азайганы маалымдалды.

Ошондой эле резервдин көлөмү 2 миллиард 994,6 миллион долларды түзөрү белгиленди. 2019-жылдын сентябрь айына салыштырмалуу бул көрсөткүч 708,87 миллион долларга көбөйгөн.

Жыл башынан бери камдар 570,49 миллион долларга өстү.

 

Эске салсак, Улуттук банк резервдерди валюта рыногундагы кескин өзгөрүүлөрдү текшилөө үчүн колдонот. Сентябрь айында доллардын курсунун кескин жогорулашынан улам Улуттук банк валюта базарында долларды сатууга аргасыз болгон. Жалпысынан төрт интервенция жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө 65,4 миллион доллар сатылган.

Добавить комментарий