
Ачык булактардан алынган маалыматка караганда, Кыргызстанда январь-март айларында дүң жана чекене соода жүгүртүүнүн көлөмү 112,4 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,7%, же 23 млрд 691,7 млн сомго өскөн.
2022-жылдын март айында товар жүгүртүүнүн көлөмү 2021-жылдын мартына салыштырмалуу 7,4%, ал эми үстүбүздөгү жылдын февраль айына салыштырмалуу 13,9% өскөн.
2022-жылдын январь-мартында 2021-жылдын январь-мартына салыштырмалуу дүң жана чекене сооданын, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоонун жалпы жүгүртүүсүнүн өсүшү Баткен облусунан тышкары республиканын бардык аймактарында белгиленгенин кошумчалайбыз

Кыргызстанда дүң жана чекене сооданын 6,7%га өсүшү белгиленди