
Кыргызстанда 2022-жылдын биринчи кварталында айыл, токой жана балык чарба продукциялары 35 миллиард сомдон ашык өндүрүлгөн.
Физикалык көлөмдүн индекси 102,3%, акчалай алганда 35 млрд 613,2 млн сомду түздү, деп билдирди Улуттук статистика комитети.
Айыл чарба продукциясынын жалпы көлөмүндө мал чарбасы 97%, өсүмдүк өстүрүү 2%, токой чарбасы 0,1%, балык чарбасы 0,1% жана кызмат көрсөтүү 0,8% түзөт.
Айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшүнүн өсүшү мал чарба продукциясын өндүрүүнүн көбөйүшүнө байланыштуу экени белгиленген.
Кошумчалай кетсек, өндүрүштүн жалпы көлөмүндө жарандардын жеке чарбаларынын жана жеке көмөкчү чарбаларынын үлүшү 96,6% түздү.

Өндүрүлгөн продукциянын физикалык көлөмүнүн индекси 100% ашты