КР Улуттук банктын алтынынын унциясы кымбаттады

Улуттук банктын алтын куймаларынын баасы 0,7% кымбаттады. Бул үстүбүздөгү жылдын 12-майынан бери катталган биринчи өсүш.

Ошентип, бүгүнкү күндө кайра сатып алуу баасы 155 миң 845,5 сом деп белгиленди. Мындай маалыматтар жөнгө салуучу органдын сайтында берилген.

Ал бир күн мурун, 17-майда 154 миң 756 сомду түзгөн. Ошентип, алтындын унциясынын кайра сатып алуу баасы 189,5 сомго же 13,2 долларга жогорулады.

Белгилей кетсек, май айында көрсөткүчтүн төмөндөөсү байкалган. 17-майга карата кайра сатып алуу баасы үстүбүздөгү айдын башына карата 4,82%га төмөндөгөн. Анын өсүшү 12-майда гана 0,34%га, андан кийин – бүгүн 0,7%га белгиленген.

Бүгүн Улуттук банктын аффинаждалган алтын куймасынын унциясын 192 миң 72,5 сомдон сатып алууга болорун кошумчалайбыз. Сатуу баасы 26-апрелден баштап өзгөрүүсүз калды

КР Улуттук банктын өлчөнгөн куймаларынын баасы кымбаттады

КР Улуттук банктын өлчөнгөн куймаларынын баасы кымбаттады

Добавить комментарий