Коронавирустун жайылышы: Кыргызстан

15-июнга карата Кыргызстанда расмий түрдө 2 миң 372 коронавирус инфекциясы катталды. 1 миң 813 айыгып, 27 адам көз жумду.

Чындыгында 532 адам оорулуу бойдон калууда.

Акыркы үч күндүн ичинде Кыргызстанда коронавирус менен ооруган адамдардын саны 12,71 пайызга же 60 кишиге көбөйдү.

Апрель айында коронавирус менен ооругандардын саны 1,6 эсеге көбөйгөн. Май айында бул көрсөткүч 1,3 эсеге жогорулаган.

15-июнга карата катталган бардык бейтаптардын 76,43 пайызы коронавирустан айыккан.

Жума сайын ооруга чалдыгуунун өсүшү мындай:

8-14 июнь — минус 17,2 пайыз;

1-7 июнь — минус 9,68 пайыз;

25-31 май — өсүү 32,2 пайыз;

18-24 май — өсүш 9,1 пайыз;

11-17-май — өсүш 1,3 пайыз;

4-10 май — өсүү 28,6 пайыз;

27-апрелден 3-майга чейин — минус 24,3 пайыз;

20-26-апрель — минус 15,6 пайыз;

13-19-апрелде — 20 пайыз;

6-12-апрелде — 57 пайыз;

30-марттан 5-апрелге чейин — 48 пайыз;

23-29-март — бейтаптардын саны 7 эсеге көбөйдү;

18-22-март — бейтаптардын саны 4 эсе көбөйдү.

Добавить комментарий