28-апрелде Кыргызстанда коронавирустун 13 жаңы учурлары аныкталды. Бул тууралуу 28-апрелде өкмөттүн брифингинде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
708 учур аныкталды:
- Бишкек — 167;
- Ош облусу — 160;
- Жалал-Абад облусу — 113;
- Ош шаары — 110;
- Чүй облусу — 52;
- Нарын облусу — 88;
- Ысык-Көл облусу — 10;
- Баткен облусу — 8.
Эске сала кетсек! Коронавирустук инфекциянын таралышын алдын алуу максатында Кыргызстанда бир катар эпидемиологиялык иш-чаралар көрүлүп, анын ичинде: өзгөчө абал киргизилген, инфекция очокторунда толук дезинфекция жүргүзүлүүдө. Байланышкан адамдар үчүн байкоолор өлкөдө иштейт.
Бүгүнкү күндө бийликтегилер бул маселени көтөрүп келе жатышат. Биз эпидемиянын туу чокусунда турабыз.