SARS-CoV-2 коронавирус аба тамчылары жана байланыш жолдору аркылуу жугат. Оорулуу чүчкүргөндө же жөтөлгөндө, инфекцияланган былжырдын тамчылары абага жана айланадагы нерселерге, ал жерден — жаңы ээсинин денесине түшөт. Гонконг университетинин окумуштуулары бул вирус ар кандай материалдарда канчалык узак жашаарын, жогорку температурадан жана популярдуу антисептиктерден коркконун билишти.