Казакстандын бензининин импорту кыскарды

2021-жылы Казакстандан Кыргызстанга келген бензиндин көлөмү 10 эсеге кыскарган.

2021-жылы Кыргызстанга 348 миллион 779,6 миң долларга 853 миллион 281,4 миң литр бензин импорттолгон. Республикага автомобиль күйүүчү майын төрт өлкө — Беларус, Казакстан, Россия жана Түркмөнстан жеткирген.

Негизги экспортер Россия болгон, ал КРга жеткирүүлөрдүн жалпы көлөмүнүн 96,9% түзгөн. 2020-жылга карата күйүүчү майдын көлөмүнүн өсүшү 1,45 эсе.

Ошол эле учурда Казакстандан Кыргызстанга бензин ташып келүү дээрлик 10 эсеге кыскарган. Алсак, эгерде 2020-жылы РК 161 миллион 967,2 миң литр суусун жиберген болсо, 2021-жылы 16 миллион 322,3 миң литрди гана жиберген.

Белгилей кетсек, 2021-жылы физикалык салмакта бензиндин импорту 2020-жылга карата 1,2 эсеге, ал эми нарк жагынан эки эседен ашык өскөн. Орто эсеп менен импорттолуучу бензиндин бир литри 2020-жылы 0,23 доллар, 2021-жылы 0,4 долларды түзөт.

Добавить комментарий