Казакстандыктар 2 айда Кыргызстанга 51 миллион доллардан ашуун каражат которушкан

Казакстандын Улуттук банкы Казакстандан Кыргызстанга акча которуулардын көлөмү 51 миллион 789,8 миң долларды (22 миллиард теңге) түзгөнүн билдирди.

Сөз эл аралык акча которуулар тутуму жөнүндө болуп жатат.

2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Казакстандан Кыргыз Республикасына которуулар 81,8% же 23,3 млн долларга көбөйгөн.

Белгилей кетсек, ошол эле мезгилде кыргыздар Казакстанга 12,7 миллион доллар жөнөткөн, бул дагы бир жыл мурунку көрсөткүчтөн жогору (+1,6 миллион доллар).

Кошумчалай кетели, Түркия тарыхта биринчи жолу Казакстандан чет өлкөлөргө жиберилген каражаттардын көлөмү боюнча лидер болуп, буга чейин лидер болгон Россияны жылдырган.

Добавить комментарий