Кыргызстанда 17-апрелде эртең менен коронавирустун 23 жаңы учурлары катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттөгү брифингде билдирди.
Жаңы учурлар аныкталды: Бишкек шаарында — 14, Чүй облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 2, Ош облусунда — 4, Ош шаарында — 2.
17-апрелге карата Кыргызстанда жалпысынан 489 коронавирус фактысы тастыкталды.