Күн карама майынын баасы белгилүү болду

Улуттук статистикалык комитет Кыргызстандын ар кайсы шаарларында күн карама майынын баасы жөнүндө маалыматтарды сунуштады.

14-апрелге карата Кыргызстанда күн карама майынын орточо баасы литрине 171,65 сомду түздү.

Департаменттин мониторингине ылайык, Өзгөндө күн карама майынын эң төмөнкү баасы литрине 157,61 сомду түзсө, Исфана шаарында эң жогорку баа 181,25 сомду түздү.

Министрликтин маалыматтарына таянсак, 1-апрелден 14-апрелге чейинки мезгилде Кыргызстанда күн карама майына болгон баа 1,6% жогорулады.

Добавить комментарий