Кыргызгидромет агенттиги бир жумага карата аба ырайынын божомолун таратты.
Маалыматка ылайык, 15-декабрдан баштап кар жаап, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.
16-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облусунун кээ бир райондорунда кар жааса, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.16-17-18-декабрь түнү кар жаабайт. 18-декабрда кайра күндүн көзү бузулуп кар жаашы ыктымал. 19-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн.
20-21-декабрларда мезгил-мезгили менен кар жаашы божомолдонууда. Абанын температурасы өзгөрүлбөйт.
Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.