Эң төмөнкү жашоо наркы Талас облусунда

Жашоо минимумунун көлөмү 2020-жылы 11,5% жогорулаган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин сайтында маалымдалды.

2020-жылы жашоо минимумунун көлөмү өлкө боюнча жалпысынан 5358,53 сомду түздү жана мурунку жылга салыштырмалуу 11,5% жогорулады.

Жашоо минимумунун эң жогорку деңгээли Жалал-Абад облусунда (5755 сом) байкалган, ал эми Талас облусунда жашоо минимуму 4310 сомду түзөт.

Бирок, белгилей кетүүчү нерсе, жашоо минимумунун төмөндүгүнө карабастан, Талас облусунда азык-түлүк баалары 23% жогорулады.

Добавить комментарий