Франциянын президенти Эммануэль Макрондун Сириядагы проактивдүү саясат тууралуу билдирүүсүнө карабай француз аскерлери сириялык конфликт зонасында АКШнын аскерлеринин калкалоосунда аракеттенип жатышат.
8-ноябрда Макрон АКШ жана НАТО боюнча багытташтар стратегиялык чечимдерди кабыл алууда позицияларын бир жактуу кылбай жатканын жарыялаган. Президент “НАТОнун мээсинин өлүп калганын” белгилеп, европалык өлкөлөр эми АКШга таяна албай турганын да билдирген.
Бирок белгилүү болгондой Макрондун Вашингтондун дарегине айткан сыны француз тараптын Сирияда АКШ менен тыгыз байланышта болуусуна жолтоо болбойт экен. Француз аскерлери Сирияда АКШнын базасында гана токтолушкан жана америкалык тараптын мүмкүнчүлүгүн пайдаланууда.
Франциянын бийлиги дагы РКК террористтеринин сириялык канатынын террористтери менен активдүү байланышта жана Анкараны “Тынчык булагы” операциясы башталган маалда сынга алган. Макрон Елисей сарайында РКК башчыларынын бирин кабыл алганда Түркиянын кескин салкын мамилесине кабылган.
Сириядагы булактардын маалыматына караганда учурда француз аскерлери Дейр-эз-Зор, Хасеке жана Ракка провинциясынын төрт районуна жайылган.
Француз аскерлери буга чейин Дейр-эз-Зор провинциясындагы ДЕАШ террористтери менен салгылашууга катышкан. Бүгүн алар YPG/PKK террористтерин даярдоо менен алектенип жатышат. Хасеке провинциясында коалициянын курамында 50 чакты француз аскерлери бар, а Раккада 15 чакты.